Akchabarsearch
Садыр Жапаров Баткендеги “Торговый” базарына барды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-06-05, 17:03

Садыр Жапаров Баткендеги “Торговый” базарына барды

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.

Мамлекет башчысына базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берилип, андан соң ал сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.

Маалыматка ылайык, базар 4 гектар аянтты ээлейт жана чек арага жакын жайгашкан маанилүү соода түйүндөрүнүн бири болуп саналат. Негизги соода шаршемби күндөрү өтүп, бул күнү бул жерге болжол менен 400гө жакын соодагер чогулат. Ал эми күн сайын автоунаа жолунун боюнда 50гө жакын туруктуу соода түйүнү иш алып барат.

Белгиленгендей, президенттин бул сапары негизинен мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышууга багытталган. Ошондой эле алдыдагы сапарлардын алкагында аймак тургундары менен өзүнчө жолугушууларды өткөрүү пландалууда.


Тектеш материалды окуу