
Жарыяланган
2026-08-10, 10:12Баткен электр тармактар ишканасынын энергетиктери жыл башынан бери 52,5 чакырым СИП-2 жана СИП-3 өткөргүчтөрүн тартышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматкеа ылайык, өткөргүчтөрдү тартуу иштери Баткен облусунун Лейлек району, Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай району жана Баткен районунда жүргүзүлүүдө.
Мекеме белгилегендей, СИП өткөргүчтөрүн колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөрдү азайтууга жана тармактын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.



