Akchabarsearch
Кадамжайда административдик архив имаратын курууга 29.6 млн сом бөлүнөт

Жарыяланган

2026-15-06, 13:03

Кадамжайда административдик архив имаратын курууга 29.6 млн сом бөлүнөт

Баткен облусунун Кадамжай шаарында административдик архив  имаратын куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Долбоордун жалпы баасы 29.6 млн сомду түзөт. Тендерди Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Баткен региондук башкармалыгы жарыялады.

Тендердин шарттарына ылайык, подрядчы компания акыркы эки жыл ичинде кеминде 29.6 млн сомдук окшош долбоорду аткарган тажрыйбага ээ болушу керек. Ошондой эле инженер-сметчик, сантехник, электрик, ширетүүчү жана башка адистерден турган кызматкерлер курамы, курулуш техникасы жана жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүгү болушу талап кылынат.

Тендердик сунуштарды кабыл алуу 26-июнга чейин уланат. Долбоор боюнча аванстык төлөм каралган эмес, ал эми төлөм иштер толук кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
 


Тектеш материалды окуу