Akchabarsearch
Баткен шаарында 60 жетим бала 10 миң сомдон жардам алды

Жарыяланган

2026-16-03, 17:00

Баткен шаарында 60 жетим бала 10 миң сомдон жардам алды

Баткен шаарында ата-энесинен ажыраган 60 бала 10 миң сомдон акчалай жардам алды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Акчалай жардам Орозо айынын урматына Баткен-Ыйман-Нуру коомдук фонду тарабынан көрсөтүлгөн. 

Иш-чарада облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков ата-энесинен ажыраган балдарды камкордукка алып, аларга жардам берип жатканы үчүн фондго ыраазычылык билдирген. 

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, “Баткен-Ыйман-Нуру” коомдук фонду 2019-жылдан бери жетим балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Фондду Апызаалы Кочкоров жетектейт.


Тектеш материалды окуу