Жарыяланган
2025-05-09, 14:02Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы көлмөгө байланыштуу мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, “Марьям” кооперативи 1995-жылдан бери жалпы аянты 2.2 гектар болгон көлмөгө мыйзамсыз ээлик кылып келген.
Учурда Москва райондук администрациясынын жана прокуратурасынын көмөгү менен аталган көлмөнү мамлекеттик менчикке кайтаруу иштери жүрүп жатат.