Akchabarsearch
Нарын облусунда 433 үй-бүлө МИКтен жаңы батирлүү болду
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-07-10, 11:26

Нарын облусунда 433 үй-бүлө МИКтен жаңы батирлүү болду

Нарын шаарында жана Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания курган, жалпы 433 батирди камтыган жаңы көп кабаттуу үйлөр ээлерине тапшырылды. Анын ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров катышты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы турак жай комплексинде 216 батир, ал эми Кочкор районундагы комплексте 217 батир бар.

Турак жай комплекстеринде балдар үчүн оюн аянтчасы, эс алуу зоналары, спорттук аянтчалар, кеңсе жайлар, унаа токтотмолору сыяктуу зарыл шарттар каралган.


Тектеш материалды окуу