Жарыяланган
2025-01-10, 13:34Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында наркы 65 миллион сомду түзгөн 20 койкалуу оорукана жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек,объект республикалык бюджеттин эсебиненен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган.
Жалпы аянты 721 чарчы метрди түзгөн оорукана эки блоктон турат. Эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, азыркы тапта бейтаптарга кызмат көрсөтүүгө даярдалууда.