Akchabarsearch
Ташиев: Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-23-10, 16:52

Ташиев: Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт

Президенттин тапшырмасына ылайык, ак халатчандардын эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Нарын шаарындагы облустук бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын капсула салуу аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Жаңы имарат 100 орунга ылайыкташып, 4 кабаттан жана жер төлөдөн турат. Долбоорго республикалык бюджеттен 269.766 млн сом бөлүнгөн.

Ташиев медицина кызматкерлеринин эмгеги — дени сак келечектин башаты экенин белгилеп, өлкө жарандарынын ден соолугуна кам көрүүнү, алгач иштөө шарттарын жакшыртуудан баштоо керектигин айтты. 
 


Тектеш материалды окуу

  • Ташиев: Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт

    Президенттин тапшырмасына ылайык, ак халатчандардын эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Нарын шаарындагы облустук бириктирилген оорукананын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын капсула салуу аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
    2025-23-10 10:52:34
  • Нарындын Кош-Дөбө айылындагы оорукана жакында пайдаланууга берилет

    Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында наркы 65 миллион сомду түзгөн 20 койкалуу оорукана жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
    2025-01-10 07:34:56