Akchabarsearch
"Чакан ГЭС" ААК ГЭС-2де күч трансформаторлорун алмаштырууда

Жарыяланган

2025-19-08, 13:40

"Чакан ГЭС" ААК ГЭС-2де күч трансформаторлорун алмаштырууда

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү максатында бир катар комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Анын алкагында, «Чакан ГЭС» ААКнын адистери бардык станциялардын жабдууларына термографиялык (жылуулук) көзөмөл жүргүзүштү. Ошондой эле Быстров ГЭСинде, ГЭС-5, ГЭС-6 жана кичи ГЭСтерде гидроагрегаттардын валдары жана тетиктери атайын жабдуулар менен текшерилди.

Быстров ГЭСинде, ГЭС-6 жана Кичи ГЭСте гидроагрегаттарга капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, бардык станцияларда негизги жана кошумча жабдуулар — гидроагрегаттар, күч трансформаторлору, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр оңдоодон өткөрүлдү.

Учурда ГЭС-3тө вакуумдук өчүргүчтөрдү , ал эми  ГЭС-2де күч трансформаторун алмаштыруу жана орнотуу иштери жүрүп жатат. 

Бул иш-чаралар гидроэлектростанциялардын күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

 


Тектеш материалды окуу