Жарыяланган
2025-07-08, 13:21Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСи быйыл жети айда 74 млн кВт/саат электр энергия өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министри билдирди.
Киров суу сактагычында жайгашкан бул ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт’ты түзөт. Учурда анын 3 гидроагрегаты тең толук иштеп, күнүнө 300 миң кВт/саат электр энергия чыгарууда. Жети айдын жыйынтыгы боюнча 74 млн кВт/саат өндүрүлүп, быйылкыга 80 млн кВт/саат деп белгиленген план 92,5%га аткарылган.
Бала-Саруу ГЭСи Талас облусундагы 30 миңден ашык абонентти электр энергия менен камсыз кылат.