Akchabarsearch
Кадамжайда "Кожо-Кайыр" кичи ГЭСи курулууда

Жарыяланган

2025-30-04, 14:06

Кадамжайда "Кожо-Кайыр" кичи ГЭСи курулууда

Баткендин Кадамжай районунун Сары-Алтын айылынан агып өткөн Кожо-Кайыр каналына кичи ГЭС курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

ГЭСти 31-августта пайдаланууга берүү пландалууда. Ал саатына 650 кВт электр энергия өндүрөт. 

Гидроэлектрстанцияны курууга жалпы 440 миң доллар инвестиция салынууда. Анын 25 млн сому (дээрлик 286 миң доллар) Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя катары берилген. 

ГЭС курулгандан кийин 10 жумуш оруну түзүлөт. 


Тектеш материалды окуу