Akchabarsearch
Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-25-03, 16:20

Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды

Кара-Суу районунда Папан ГЭСин курууга даярдык иштери башталды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда ГЭСке алып баруучу жолдун курулушу жүрүүдө.

Гидроэлектрстанция аталган суу сактагычтын төмөнкү бөлүгүндө жайгашат. Жаңы ГЭСтин пландалган кубаттуулугу 27 МВтты түзөт, ал эми жылдык орточо электр энергия өндүрүү көлөмү 113 млн кВт/с болот.

Эске салсак, курулушка капсула 2024-жылдын 5-октябрында салынган. Жумуштар 2027-жылдын үчүнчү кварталында бүтөт деп пландалууда.


Тектеш материалды окуу