Akchabarsearch
    Июнь айында Кыргызстанга 295.1 млн доллар акча которулган

    Жарыяланган

    2025-12-08, 09:48

    Июнь айында Кыргызстанга 295.1 млн доллар акча которулган

    Быйыл июнь айында Кыргызстанга акча которуулардын жалпы суммасы 295.1 млн долларды түздү.  Бул тууралуу Улуттук банк маалыматында айтылат. 

    Акчанын басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн 278.2 млн доллар жөнөтүлгөн. Ал эми калган 16,9 млн доллар башка өлкөлөрдөн которулган. 

    Ошол эле учурда июнь айында Кыргызстандан чет жакка 34.5 млн доллар жөнөтүлгөн. 

    КМШ өлкөлөрүнө 32.4 млн доллар, башка өлкөлөргө 2.1 млн доллар которулган. 

     


    Тектеш материалды окуу