Akchabarsearch
    Мартта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 294.5 млн долларды түздү

    Жарыяланган

    2025-14-05, 09:20

    Мартта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 294.5 млн долларды түздү

    Март айында чет жактан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 294.5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

    Акчанын көбү – 281.3 млн доллар КМШ өлкөлөрүнөн келген. Ал эми 13.3 млн доллар башка өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн. 

    Ошол эле учурда мартта Кыргызстандан чет жакка акча которуулардын көлөмү 28 млн долларды түздү. Анын ичинен 24 млн доллар КМШ өлкөлөрүнө жана 4 млн доллары башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн. 


    Тектеш материалды окуу