Жарыяланган
2025-21-08, 17:54Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынан Флагшток багытына чейинки унаа жолун асфальттоо боюнча даярдык иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Долбоордун алкагында, жалпы узундугу 2,300 чакырымды түзгөн тилкеге, анын ичинде Флагштокко көтөрүлүүчү жолго да асфальт төшөө каралган.
Жол Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жаңыланууда.
Курулуш иштери Министрликтин №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Азыркы тапта жолдун негизин даярдоо, кеңейтүү жана тегиздөө иштери жүрүп жатат.