Жарыяланган
2025-02-05, 13:00Кыргызстанда унаасын камсыздандырбаган (ОСАГОсу жок) айдоочуларга 1-июлдан тарта айып салына баштайт.
ОСАГОсу жок айдоочулар 3 миң сом айыпка жыгылат. Унааны камсыздандыруу үчүн аларда 2 айдай убакыт бар.
Белгилей кетсек, ОСАГО тууралуу мыйзам мындан бир нече жыл мурун кабыл алынган. 2023-жылдын 1-апрелинен бери ал компания-ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, ошондой эле чет өлкөлүк (чет жакта катталган) унаалар үчүн иштеп баштаган. ОСАГОсу жок болгону үчүн аларга 13 миң сом айыппул каралган.