Жарыяланган
2025-07-05, 10:56Кыргызстанда 1-июлдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып пул салына баштайт. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы эскертет.
Айыптын өлчөмү жеке жактарга үч миң сомду түзөт. Эске салсак, 2023-жылдын 1-апрелинен баштап башка мамлекеттерде катталган унааларга жана юридикалык жактарга милдеттүү камсыздандыруу киргизилген.
Мындай категориядагы унаа ээлеринин полиси жок болсо 13 миң сом айыпка жыгылат.