Akchabarsearch
Ош шаарында 69.76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Жарыяланган

2026-29-10, 13:47

Ош шаарында 69.76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69.76 гектар жерге агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жер тилкеси 30 бөлүккө бөлүнүп, фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Алар бул аймакка эт жана сүт багытындагы мал чарбачылыгы үчүн сарайларды, ошондой эле эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды кура алышат.

Мындан тышкары, «Коңур-Жаз» участогунда 20 миң куб метр суу бата турган суу сактагыч курулуп жатат.

Суу сактагыч ишке берилгенден кийин 400 гектар кайрак жерди сугат жерге айлантууга жана мал чарбачылыгын тоют менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Тектеш материалды окуу