
Жарыяланган
2026-10-09, 18:24Ош мамлекеттик университетинде абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станция иштей баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Эл аралык долбоордун алкагында орнотулган бул станция шаардагы абанын сапатына көз сала турган биринчи станция болуп саналат.
"Жаңы станциянын ишке киргизилиши менен Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө, экологиялык маселелер боюнча так маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Станциянын ачылышына мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышышты.



