
Жарыяланган
2026-02-04, 18:05Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга айып салынды. Бул тууралуу курулуш министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, “Көкүм-Бий көчөсү 102 г” дарегинде 9 кабаттуу турак үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле курулуш компания техникалык регламент, курулуш ченемдерин жана эрежелерди өз убагында аткарбагандыгы белгилүү болгон.
Жыйыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “АрхиСтрой” компаниясына 200 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, курулуш иштери мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулган.



