
Жарыяланган
2026-26-02, 14:19Ош шаарындагы №3 М.В. Ломоносов мектебинин эски имараты буздурулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ордуна 750 орундуу жаңы мектеп салынат.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, заманбап үлгүдө курулат. Жаңы мектептин аянты 10600 чарчы метрди түзүп, 5 блоктон турган 4 жана 3 кабаттуу имарат тургузулат
Объекттин курулушун Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөйт.
Башкы подрядчы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы иштин жүрүшүн аткарууда.



