
Жарыяланган
2025-18-04, 11:29Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кыргызстройсервис" ишканасы Бишкекте бир нече мамлекеттик органдын имараттарын кура турган компания болуп тандалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, "Кыргызстройсервис" ишканасы Башкы прокуратура, Мамлекеттик салык кызматы, "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалынын административдик имараттарынын долбоорун жасап, курат.
Белгилей кетсек, "Кыргызстройсервис" - өлкөдө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн куруп жаткан компаниялардын бири.



