
Жарыяланган
2025-21-04, 16:03Бишкектеги №67 орто мектептин бир кабинети мыйзамсыз жол менен менчикке берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Менчикке берилген №11 кабинеттин аянты 751,2 чарчы метрди түзөт.
Аталган факт боюнча Свердлов райондук прокуратурасы 10-апрелде менчик укукту жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Учурда ишти кароо жүрүүдө.
Ошондой эле УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



