
Жарыяланган
2025-13-11, 17:22Башкы прокуратура мүлктөн ажыратуу боюнча демилгеси боюнча маалымат берди. Аталган мекеме айрым интернет-басылмаларда жана социалдык түйүндөрдө Башкы прокуратура демилгелеген Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процесстик кодексине жана Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору туура эмес чечмеленгенин билдирди.
Анда Кыргызстандын Конституциясына ылайык, мүлктөн ажыратуу соттун чечими менен гана ишке аша турганы белгиленген.
“Мыйзам долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты — айыпталуучулардын, анын ичинде издөөдө жүргөн адамдардын мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүн мамлекеттин менчигине өткөрүү механизмдерин өркүндөтүү”, - деп жазылат маалыматта.



