
Жарыяланган
2026-18-03, 11:36Сүлүктү шаарынын прокуратурасы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкеринен түшкөн кайрылуу негизинде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында кызматкерлерден мыйзамсыз ири өлчөмдө акча каражаттарын чогултуу фактысы аныкталды.
Текшерүү көрсөткөндөй, башкармалыктын башчысы И.Р. Эсептөө палатасынын инспекторуна акча берүү максатында ар бир кызматкерден белгилүү өлчөмдө каражат чогултуп, өзүнүн электрондук капчыгына которгон.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши катары катталып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.



