
Жарыяланган
2026-30-03, 14:48Ак-Суу районунда мамлекеттик менчикти коргоо багытында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ири көлөмдөгү кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан, төрт корпустан турган “Алтын-Булак” санаторийи мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Мындан тышкары, Каракол айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,51 гектар жер тилкеси да 2021-жылы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилгени белгилүү болгон.
Прокурордук чаралардын негизинде аталган объектилер кайрадан мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.
Санаторийдин базар баасы 71,6 млн сомду түзсө, жер тилкеси 3,43 млн сомго бааланган. Жалпы кайтарылган мүлктүн наркы 75 млн сомдон ашат.



