
Жарыяланган
2026-26-03, 17:35Ош шаарында туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бүгүн, 26-мартта шаардагы “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туристтик сезондун ачылышына арналган “Ош менен Сулайман-Тоо сооданын жана маданияттын көпүрөсү” аттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, жергиликтүү бийликтин жана Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, туроператорлор, ички жана чет элдик туристтер, кол өнөрчүлөр, жергиликтүү тургундар катышты.
Туристтик сезондун ачылышына карата улуттук даамдардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана сувенир жарманкеси уюштурулуп, жаңы сезонго карата жаңылыктардын презентациясы тааныштырылды.
Ошондой эле Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий эстеликтерине комплекстүү маршруттук экскурсиялар уюштурулуп, иш-чара концерттик программа менен коштолгон.



