Akchabarsearch
Мекемелер аралык жумушчу топ “Бала ырысы” жөлөк пулун ашыруунун механизмдерин талкуулашты

Жарыяланган

2026-26-03, 18:01

Мекемелер аралык жумушчу топ “Бала ырысы” жөлөк пулун ашыруунун механизмдерин талкуулашты

26-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» жаңы мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруунун механизмдерин талкуулаган ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жыйынды министр Канат Сагынбаев ачып, ар бир балага төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин берилүүчү айлык жөлөкпулдун президенттин демилгеси менен ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Министрдин айтымында, төлөм балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга, эрте жаштагы өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө жана үй-бүлөнүн убактылуу киреше жоготуусун компенсациялоого жардам берет. Ал эми жөлөкпул буга чейин социалдык жардам алып жаткан майыптыгы бар балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына да берилет.

Жумушчу топтун курамында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери болуп, жөлөкпулду берүүдө ачык-айкын жана натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Эксперттер белгилегендей, баланын жашоосунун алгачкы 1000 күнү анын билимге жетишүүсүнө жана келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө чоң таасир берет.


Тектеш материалды окуу