Akchabarsearch
«Үй-бүлөгө көмөк»: жөлөкпулду дайындоо эрежелери өзгөрөт

Жарыяланган

2026-26-08, 17:39

«Үй-бүлөгө көмөк»: жөлөкпулду дайындоо эрежелери өзгөрөт

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоодо колдонулган кепилденген эң төмөнкү киреше 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин көбөйтүлөт. Бул өзгөртүү 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Өзгөртүүлөр аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү жөлөкпул менен көбүрөөк камтууга багытталган.

Мындан тышкары, жөлөкпулга кимдер муктаж экенин аныктоодо жаңы талаптар киргизилет.

Анын ичинде 15 жылдан ашкан жеңил автоунаасы бар үй-бүлөлөргө жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк берилет. Буга чейин унаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жыл деп эсептелип келген. Өзгөртүү күйүүчү майдын жана унааны оңдоо чыгымдарынын кымбатташы менен байланыштуу киргизилди.

Ошондой эле эки же андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул алуудан четтетилет. Себеби экинчи турак жайды ижарага берүү аркылуу киреше табууга болот.

Мындан тышкары, айыл жерлериндеги жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешени эсептөө тартиби жаңыланат. Мында административдик-аймактык реформа, айыл чарба продукциясынын учурдагы баалары жана чыгымдары эске алынат.


Тектеш материалды окуу