Akchabarsearch
Эмгек министрлиги жаңы «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу тартибин түшүндүрдү

Жарыяланган

2026-16-06, 16:51

Эмгек министрлиги жаңы «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу тартибин түшүндүрдү

Быйыл 2026-жылдын 1-июлунан тарта 3 жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1 миң 200 сомдон жөлөкпул төлөнөт. Тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар үчүн жөлөкпул райондук коэффициенттерди эске алуу менен берилет.

Жөлөкпулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси эсепке алынбайт. Аны ата-энелер, асырап алуучулар жана камкорчулар ала алышат. Эгиз же андан көп бала төрөлсө, төлөм ар бир балага өзүнчө берилет.

Арызды 1-июлдан тартып «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн же жашаган жери боюнча социалдык камсыздоо органдарына тапшырууга болот.

Арыз берүү үчүн паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жашаган жери тууралуу маалымат жана банктык эсеп талап кылынат.

Жөлөкпул дайындоо боюнча чечим беш жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Ал эми арыз «Түндүк» аркылуу берилсе, төлөм бир жумушчу күндүн ичинде автоматтык түрдө дайындалышы мүмкүн.

Төлөм алуучунун банктык эсебине ай сайын которулуп, бала үч жашка чыкканга чейин берилет.
 


Тектеш материалды окуу