
Жарыяланган
2026-13-10, 11:42«Бала ырысы» жөлөкпулун алуучулардын саны 2026-жылдын октябрь айына карата 252 миң 699 адамга жетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, июль айында жөлөкпул алуучулардын саны 191 миң 796 адамды, ал эми сентябрда 232 миң 529 адамды түзгөн.
Июль айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 60 миң 903 адамга же 31.8%га көбөйгөн. Ал эми сентябрга салыштырмалуу өсүш 20 миң 170 адамды же 8.7%ды түздү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Бала ырысы» мамлекеттик программасын ишке ашырууну улантууда.



