Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-19-09, 13:00

Ошто ЖЧКны каттоо 1-октябрдан тарта онлайн жүргүзүлөт

1-октябрдан тарта Ош шаарында жана Ош облусунда ЖЧК түрүндөгү юридикалык жактарды каттоо жалаң гана онлайн форматта жүргүзүлөт.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, кагаз түрүндөгү арыздар кабыл алынбайт.

Демилге административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Эске салсак, 27-августтан тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ЖЧКны онлайн каттоо башталган.


Тектеш материалды окуу