Akchabarsearch
Салык кызматы ЖЧК негиздөөчүлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды

Жарыяланган

2026-16-03, 13:52

Салык кызматы ЖЧК негиздөөчүлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды

Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим документтин жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана мүмкүн болгон экономикалык-укуктук кесепеттерди баалоо максатында кабыл алынган. Ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана жарандардын сунуш-пикирлерин эске алуу пландалууда.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, ЖЧКнын катышуучулары коомдун уставдык капиталына кошкон салымдарынын чегинде гана жоопкерчилик тартып, компаниянын милдеттенмелери боюнча жеке мүлкү менен жооп бербейт.

Салык кызматы айрым учурларда бул укуктук форма милдеттенмелерден качуу үчүн колдонулуп жаткан фактылар бар экенин белгиледи. 

Мекеме инвестициялык климатты чыңдоо жана салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо багытында мыйзамдык базаны өркүндөтүү иши улантыларын билдирди.


Тектеш материалды окуу