
Жарыяланган
2026-25-02, 09:23Ош шаарындагы баш аламан соода жайларын тазалоо тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-евралда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Тилеке-Баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү баш аламан соода жайларын толук тазалоо жана мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча катуу тапшырма берди.
Аталган аймакта тартипти камсыз кылуу максатында көзөмөл күчөтүлүп, мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.

