
Жарыяланган
2026-19-02, 10:02Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Касымалиев мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.
Ал ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.


