Akchabarsearch
Касымалиев кыргыз жарандары үчүн БАЭде визасыз режим киргизүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-03-02, 16:55

Касымалиев кыргыз жарандары үчүн БАЭде визасыз режим киргизүүнү сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-премьер-министри, ички иштер министри Сайф бин Заед Аль Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө коопсуздук тармагында, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, финансылык кылмыштуулукка, санариптик кылмыштуулукка каршы күрөшүү өңдүү тармактарда ийгиликтүү кызматташып жаткандыгы айтылды.

Бул контекстте кыргыз тарап Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарын санариптештирүү, интеллектуалдык мониторинг системаларын ишке ашыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мыкты тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, Касымалиев кыргыз жарандары үчүн БАЭде визасыз режимди киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Сейф бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин жана БАЭ Кыргызстанды дос өлкө катары карай турганын белгиледи. 

Сейф бин Заед Аль Нахайян өз командасына кыргыз жарандары үчүн БАЭге визасыз режимди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну  тапшырарын айтты.


Тектеш материалды окуу