Жарыяланган
2025-03-05, 18:19Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 3-майда, Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Чанпэн Чжаону «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев тосуп алды.
Сапардын алкагында ал президент Садыр Жапаров менен жолугат, ошондой эле президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйынына катышат.