akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-03-05, 20:15

    Дүйнөдөгү ири криптовалюталык биржанын негиздөөчүсү Садыр Жапаровдун кеңешчиси болду

    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

    Жолугушууда Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелери талкууланган. 

    Садыр Жапаров Кыргызстан санариптик активдерди киргизүү боюнча иш алып барып жатканын, санариптик сомду ишке киргизүү үчүн жакында эле тиешелүү мыйзамга кол коюлганын айткан. 

    Чанпэн Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирген. 

    Садыр Жапаров Чанпэн Чжаого президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырган. 

    Маалымат үчүн: Чанпэн Чжао, CZ деген ат менен белгилүү болгон кытай-канадалык ишкер. Ал 2017-жылы Binance компаниясын негиздеген. Компания кыска убакытта соода көлөмү, өтүмдүүлүк жана колдонуучулардын саны боюнча тармактагы лидерге айланган. 2020-жылы Binance смарт келишимдер колдоосу менен блокчейнди - Binance Smart Chain’ди (BSC) ишке киргизди. Ал кийинчерээк BNB (Build and Build) Chain деп өзгөртүлгөн. Чанпэн Чжао борборлоштурулган компания катары Binance’тын өзүнөн көз карандысыз, масштабдуу, ыкчам жана арзан блокчейн инфраструктурасынын идеясын демилгелеген. BNB Chain көптөгөн блокчейн долбоорлор үчүн негиз болуп калды.


    Тектеш материалды окуу