akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-12-03, 13:54

    Кыргызстандын фондулук рыногуна биринчи мунай компаниясы чыкты

    Red Petroleum Кыргызстандагы биринчи мунай сатуучу компания болуп биржага чыкты. Red Petroleum командасы бүгүн дебюттук облигациялардын чыгарылышын жарыялады.

    Компания жалпы көлөмү 100 миллион сомдук облигацияларды жылына 18% кирешелүүлүк менен жайгаштырды. Баалуу кагаздардын жүгүртүү мөөнөтү 3 жыл болуп, бир облигациянын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт.

    Компаниянын маалыматы боюнча, баалуу кагаздарды жайгаштыруу чечими Кыргызстандын фондулук рыногуна кызыгуу артып, каржылоо булактарын диверсификациялоо каалоосуна байланыштуу.

    "Биз өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май рыногунун 50%дан ашыгын ээлейбиз, бардык аймактарда барбыз жана алдыга койгон амбициялуу пландарыбыз бар. Биз үчүн КФБга кирүү - бул кошумча инвестицияларды тартууга жана рыноктогу позициябызды бекемдөөгө мүмкүндүк берген стратегиялык кадам", - деп белгиледи Red Petroleum компаниясынын инвестиция департаментинин жетекчиси Улан Тоялиев.

    Компания чогулган каражатты аймактарда инфраструктураны модернизациялоого жана заряддоо станцияларын курууга жумшоону пландоодо.

    Биржадагы биринчи мунай сатуучу компанияга кызыгуу көпкө созулган жок. “Сенти” каржы компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова белгилегендей, Red Petroleum рынокко чыгуу боюнча акыркы чечимди кабыл ала электе эле көптөр телефон чалуулар болгон.


    Тектеш материалды окуу