Жарыяланган
2025-02-10, 15:01Быйыл 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо мурдагы шайлоолордой депутаттык мандат акчага сатылбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.
Жапаровдун айтымында, мурда депутаттык мандаттар 100 миң доллардан 1 млн долларга чейин сатылып, ал акча партия лидерлеринин чөнтөгүнө түшүп келсе, мындан ары андай болбойт. Ар бир талапкер өз алдынча шайлоого аттанып, өзү үчүн чуркайт.
Президенттин пикири боюнча, шайлоого катышам деген талапкер БШКга 300 миң сом төгүшү керек деген норма мугалим, дарыгерлерге шайлоого катышуусуна тоскоол болбойт.
"Ал эми “мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп. Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт.
Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан", - дейт ал.
Анын айтымында, шашлоого катышкан талапкерлер Аскар Акаевдин убагынан бери 100 миң сомдон күрөө төгүшчү. Ал акча 5%дан көп добуш алгандарга кайтарылып берилчү. Эми ал 300 миң сомго көтөрүлдү. Бирок акча кайтарылбайт.
"Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү.
Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчаларга жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок", - дейт ал.
Жапаров бийлик алдыдагы парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө бардык шартты түзүп бергенин айтат. Ал билдиргендей, учурда шайлоолорду таза өткөрүүдө бир эле ушул добуш сатуу, добуш сатып алуу көйгөйү калды. Ошондуктан ар бир жаран шайлоонун таза өтүшү үчүн салым кошушу керек.
Президент жаңы түзүлгөн 30 округдан үчтөн депутат шайланып келерин, бирок бир жаран бир гана талапкерге добуш бере аларын белгиледи.