Akchabarsearch
Президент Садыр Жапаров Барскоон – Бедел жолунун курулушуна старт берди
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-27-08, 16:58

Президент Садыр Жапаров Барскоон – Бедел жолунун курулушуна старт берди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусундагы “Барскоон – Бедел” унаа жолун өз каражаттарыбыздын эсебинен куруу долбоорун баштап берди.

Бул унаа жол түндүктөн түштүккө карай Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтөт.

Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү камсыз кылуу үчүн узундугу 5.5 км болгон туннель куруу пландаштырылууда. Кара-Сай аймагында эстакадалык көпүрө конструкциясы курулат. Ал эми кар көп жааган Ашуу-Суу ашуусунан өтүү үчүн узундугу 3.8 км болгон дагы бир туннель курулат.

Президент Садыр Жапаров бул долбоор улуттук өнүгүүнүн жана эл аралык байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү кадамы экенин белгиледи.

«Бул жолду өзүбүздүн күч жана каражат менен куруудабыз» - деп билдирди Жапаров.

Подрядчы катары China Road and Bridge Corporation компаниясы тандалып, негизги иштерди 2029-жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда. Жол толук пайдаланууга – 2030-жылдын сентябрь айында тапшырылат.

Бул долбоор ишке ашырылгандан кийин Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн, кеминде, 12 саат үнөмдөлөт. Ошондой эле «Бедел» чек ара өткөрүү пунктунун курулушу эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты кеңейтип, мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Аземге Кытай элчиси Лю Цзянпин катышты. Ал бул долбоорлор сооданы, инвестицияны жана аймактын экономикасын өнүктүрүүнү тездете турганын белгиледи.

Барскоон–Беделдин курулушу Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу менен бирге өлкөнүн ири инфраструктуралык долбоорлорунун бири болуп саналат.
 


Тектеш материалды окуу