Akchabarsearch
    РКӨФ өлкөнүн санарип инфраструктурасына жигердүү түрдө инвестиция салууда

    Жарыяланган

    2025-14-08, 12:25

    РКӨФ өлкөнүн санарип инфраструктурасына жигердүү түрдө инвестиция салууда

    Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өлкөнүн санариптик инфраструктурасына жигердүү түрдө инвестиция салып жатат. Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Артем Новиков VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жыйынында билдирди. 

    Анын айтымында, фонд логистика, өнөр жай, айыл чарба жана соода тармактарында санариптик чечимдерди ишке ашырып, маркетплейстерге чыккан долбоорлорго колдоо көрсөтүүдө. 

    Андай долбоорлордун бири  маалыматтарды иштеп чыккан Кыргызстандагы алгачкы коммерциялык борборду түзүү. Ал эл аралык TIER III стандартына туура келип, 100 миң петабайт маалыматты сактай алат. Бул долбоор өлкөдөгү маалымат сактоо боюнча муктаждыгынын дээрлик 20%ын жаба алат.  

    Мындан тышкары фонд 10 миңден ашык жаңы колдонуучуну интернетке кошуу үчүн керектүү инфраструктураны курууга жана аймактарда кинотеатрларды оңдоого каражат бөлүп берген. 

    Новиков РКӨФ артыкчылыктуу санариптик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү компетенцияларга жана ресурстарга ээ экенин белгиледи.


    Тектеш материалды окуу