
Жарыяланган
2026-06-08, 14:48Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) бардык эркин каражаттары учурда Кыргызстанда иштеп, өлкөнүн экономикасына багытталууда. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков “Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү: 2030-жылга чейинки артыкчылыктар” аттуу пленардык жыйында билдирди.
Анын айтымында, 10 жыл мурун фонддун бош каражаттары негизинен чет өлкөлөрдө сакталып, Кыргызстандын экономикасына дээрлик пайдаланылган эмес.
«Азыр фонддун бардык эркин каражаттары Кыргызстанда иштеп жатат», — деди Новиков.
Ал белгилегендей, акыркы 10 жылда фонддун ишмердүүлүгү кыйла кеңейди. Мурда жылына бир нече он миллион доллар гана каржыланса, азыр экономикага жүздөгөн миллион доллар инвестиция салынып жатат.
2025-жылы РКӨФ 235 млн долларлык долбоорлорду каржылаган. Ал эми 2026-жылы бул сумма 300 млн доллардан ашары күтүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин фонд каржылаган долбоорлордун жалпы көлөмү 1.2 млрд доллардан ашты.
Новиков ошондой эле фонд тышкы инвестицияларды тартууга жардам берип жатканын айтты. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусу колдоо көрсөтүүдөн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өтүп жатат.

