
Жарыяланган
2026-28-07, 17:012026-жылдын башынан бери Эмгек министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү 194 кыргызстандык жаранга мурда төлөнбөй жүргөн айлыгын алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Өкүлчүлүк аларга 14.4 млн рублга жакын айлыгын өндүрүп берген.
Ошондой эле өкүлчүлүк жумуш учурунда жаракат алган Кыргызстандын үч жаранына иш берүүчүлөрдөн кенемте алууга көмөк көрсөткөн. Төлөнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 4.55 млн рублду түзгөн.
Андан тышкары полиция, прокуратура, миграция бөлүмдөрүнө түшүп калган 843 жаранга укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүлгөн.
Россияда иштеген кыргызстандык жарандар укуктуры бузулса, же укуктук жана консультациялык жардам керек болсо, өкүлчүлүктүн ишеним телефонуна кайрыла алат: +7 (925) 030-26-27, +7 996 968-98-97



