
Жарыяланган
2026-28-07, 18:05Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында Социалдык фонддун имаратын куруп жаткан компанияга айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, имаратты салып жаткан “Табан” компаниясы курулуш иштеринде курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды толук сактаган эмес. Ага байланыштуу компанияга 200 миң сом айып салынган.
Компанияга мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилген.



