Akchabarsearch
Optima Банк Apple Pay кызматын биринчи толкунда ишке киргизгени үчүн Visa тарабынан сыйлыкка ээ болду

Жарыяланган

2026-29-07, 19:13

Optima Банк Apple Pay кызматын биринчи толкунда ишке киргизгени үчүн Visa тарабынан сыйлыкка ээ болду

Optima Банк Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн Visa тарабынан «Apple Pay Launch First Wave Award» сыйлыгына ээ болду. Банк өлкөдө бул кызматты алгачкылардан болуп сунуштаган финансылык мекемелердин бири болуп, кардарларына Apple Pay аркылуу ыңгайлуу жана коопсуз төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздады.

Бул сервис Банктын кардарларына Optima Visa карталарын Optima24 тиркемеси аркылуу Apple Wallet’ке кошуп, iPhone, Apple Watch, Mac жана iPad түзмөктөрүнүн жардамы менен тез, ыңгайлуу жана коопсуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул сыйлык Optima Банктын командасынын кесипкөйлүгүн жана маанилүү санариптик долбоорду ийгиликтүү ишке ашырганын тастыктады. Apple Pay кызматын ишке киргизүү заманбап төлөм чечимдерин өнүктүрүүдө жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртууда дагы бир маанилүү кадам болду.

Optima Банк ишеним көрсөткөнү, жемиштүү кызматташуусу жана биргелешкен ишке берген жогорку баасы үчүн Visa компаниясына терең ыраазычылык билдирет.

Алынган сыйлык Optima Банктын алдыңкы финансылык технологияларды жайылтууга, ошондой эле кардарлары үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү кызматтарды түзүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу ырастайт.


Тектеш материалды окуу