Жарыяланган
2025-26-06, 09:00Президент Садыр Жапаров Беларустун Минск шаарында иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына жана IV Евразиялык экономикалык форумуна катышат.
"Жыйынга Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын жана биримдикке байкоочу мамлекеттердин башчылары, ошондой эле чакырылган ардактуу коноктордун катышуусу пландалууда", – деп айтылат маалыматта.
Жыйында 14 маселе каралат.