Akchabarsearch
    Салык декларациясын 1-майга чейин тапшыруу керек

    Жарыяланган

    2025-08-04, 12:59

    Салык декларациясын 1-майга чейин тапшыруу керек

    Мамлекеттик салык кызматы 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу өнөктүгүнүн экинчи баскычы жүрүп жатканын билдирет. 

    Декларация 1-майга чейин тапшырылышы керек. Аны жеке ишкерлер, патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жарандар, Кыргызстандын аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген өлкө жарандары, киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъекттен салык салынуучу киреше алган жеке жактар тапшырууга милдеттүү.

    Белгилей кетсек, 1-апрелде салык декларациясын тапшыруу өнөктүгүнүн биринчи этабы аяктаган.


    Тектеш материалды окуу