Akchabarsearch
    Салык кызматынын башчысы Нарын шаарындагы базарларды текшерди

    Жарыяланган

    2025-25-07, 17:29

    Салык кызматынын башчысы Нарын шаарындагы базарларды текшерди

    Бүгүн, 25-июлда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, президенттин иш башкаруучусу башчысы Каныбек Туманбаев Нарын шаарындагы базарларда товарларда акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптардын аткарылышы н текшерди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

    Рейд учурунда Шыкмаматов салык мыйзамдарын, айрыкча акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптарды так сактоо зарыл экенин эскерткен. 

    Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акциздик маркаларга байланышкан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган. Мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар колдонулуп, анын ичинде айып пул салынган. 

    Салык кызматы мындай текшерүү иштери өлкө боюнча жүргүзүлүп жатканын билдирди. 


    Тектеш материалды окуу