Akchabarsearch
Салык карыздарын кыскартуудан бюджетке 20.9 млрд сом түштү

Жарыяланган

2025-23-12, 16:24

Салык карыздарын кыскартуудан бюджетке 20.9 млрд сом түштү

Салык кызматы быйыл 11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу иштеринин натыйжасында бюджетке 20.996 млрд сом чогултту. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 31-июлундагы мыйзамына ылайык 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.

Ошондой эле, салыктарды онлайн төлөө, башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен интеграциялоо, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү жана СМС-билдирүүлөр сыяктуу санариптик кызматтар да маанилүү салым кошкон.

 


Тектеш материалды окуу